ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Терек – Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясынын
2023-жылдын 19-июнундагы № 407
Терек-Сай айыл аймагында жашаган турмуш шарты оор тургундарга материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдарда жашаган жашоо шарты оор тургундарга: Болуш айылынын тургуну Чоюнова Чачыкейдин апасы Алимбетова Марифаттын жүрөк оорусуна байланыштуу тез арада операция жасатууга, Ак-Терек айылынын Горняк-2 көчөсүнүн тургуну Орозбаева Светанын кызы Курбанкулова Айзиректин күйүктөн кийинки денесиндеги эт өсүп жаткан жерин кайра операция жасатууга, Абдивалиев Азизбектин кызы Азизбек кызы Таттыбүбүнүн эпилепсия менен ооруганына байланыштуу дарылатууга материалдык жардам көрсөтүү жөнүндөгү кайрылууларын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдарда жашаган жашоо шарты оор тургундарга: Болуш айылынын тургуну Чоюнова Чачыкейдин апасы Алимбетова Марифаттын жүрөк оорусуна байланыштуу тез арада операция жасатууга 40 000 (кырк миң) сом, Ак-Терек айылынын Горняк-2 көчөсүнүн тургуну Орозбаева Светанын кызы Курбанкулова Айзиректин күйүктөн кийинки эт өсүп жаткан жерин кайра операция жасатууга 40 000 (кырк миң) сом, Абдивалиев Азизбектин кызы Азизбек кызы Таттыбүбүнүн эпилепсия менен ооруганына байланыштуу дарылатууга 20 000 (жыйырма миң) сом, жалпы 100 000 (бир жүз миң) сом акча каражаты бюджеттен бөлүнүп берилсин
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек–Сай айылдык Кеңешинин төрагасы: |
| Тойчуев М.С. |