Редакцияот 19.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Терек – Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясынын

 

2023-жылдын 19-июнундагы № 403

 

“БЭН Майнинг” Жоопкерчилиги чектелген коомуна чачыранды алтын кенин казуу боюнча ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө жер участогун убактылуу пайдаланууга бөлүп берүү жөнүндө

Терек-Сай айыл аймагына караштуу “Мусульман-Сай” участкасында чачыранды алтын кенин казуу ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө убактылуу пайдаланууга уруксат берүү жөнүндөгү “БЭН Майнинг” Жоопкерчилиги чектелген коомунун директору А.А.Маминдин атынан келген өкүл Р.Мырзагуловдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу “Мусульман-Сай” участкасында чачыранды алтын кенин казуу ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө “БЭН Майнинг” Жоопкерчилиги чектелген коомунун 2019-жылдын 05-июлунда алынган № 6287 АЕ “Средний”, 6286 АЕ “Нижний” жана 6285 АЕ “Верхний” номериндеги Лицензиясынын негизинде Терек-Сай айыл аймагында жашаган тургундардын элдик жыйындарынын макулдук протоколуна ылайык убактылуу пайдаланууга уруксат берүү жагы Терек-Сай айыл аймагына сунушталсын.

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын жер адиси И.Смановго милдеттендирилсин

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин укук жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

 

Терек–Сай айылдык

Кеңешинин төрагасы:

 

Тойчуев М.С.