Редакцияот 13.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXХ чакырылышынын кезексиз XXХ сессиясынын

 

2024-жылынын 13-сентябры №2

 

«Шаардык мэриянын 04.09.2024-жылдагы “Өзбек-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунан 10 даана автобус жана 1 даана манипулятор техникасын сатып алуу тууралуу” №01-21/2645 кайрылуу каты жөнүндө».

 

         Шаардык мэриянын 04.09.2024-жылдагы “Өзбек-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунан 10 даана автобус жана 1 даана манипулятор техникасын сатып алуу тууралуу” №01-21/2645 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү К.Сооронбаевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХХ чакырылышынын кезексиз 30 – cессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Шаардык мэриянын 04.09.2024-жылдагы “Өзбек-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунан 10 даана автобус жана 1 даана манипулятор техникасын сатып алуу тууралуу” №01-21/2645 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү К.Сооронбаевдин маалыматы эске алынсын.

2.    Шаардын аймагында коомдук транспорт тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү максатында, Өзбек-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунан 10 даана автобус жана 1 даана манипулятор техникасын сатып алууга макулдук берилсин.

3.    Аталган техникаларды жылдык 4% менен 60 айга бөлүп төлөө жолу аркылуу сатып алуусун жана жалпы сумманын 30% республикалык бюджеттен, 70% жергиликтүү бюджеттен каржылануусу шарт экендиги белгиленсин.

4.    Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.

5.    Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.tash-komurkenesh.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

6.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы «Экономика жана бюджет» боюнча туруктуу комиссиясына (А.Джумашев) жүктөлсүн.

 

Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы:

 

С.Кудайбердиев