Редакцияот 06.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылышынын кезексиз ХVIII сессиясы

 

2024-жылдын 6-августу  № 18/12

Кара-Суу айылынын №11 ҮДТга кошумча имарат курууга

 жер аянтын бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кара-Суу айылынын №11 ҮДТга кошумча имарат курууга 0,03 га жер аянтын бөлүүгө макулдук берүүтуралуу Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын маалыматтын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1.           Кара-Суу айылынын №11 ҮДТга кошумча имарат курууга 0,03 га жер аянтын бөлүүгө макулдук берилсин.

2.           Тиешелүү мыйзамдардын негизинде жер аянтын берүү жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.

3.           Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуукомиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Сагынбек уулу