Редакцияот 06.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылышынын кезексиз ХVIII сессиясы

 

2024-жылдын 6-августу  № 18/17

 

Кочкор айылдык кенешинин 23-май  2023-жылдагы  * Кочкор айыл аймагынын Муниципалдык мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө №2/8  Токтомуна

толуктоолорду киргизүү жөнүндө                                          

 

Кочкор айылдык кенешинин 23-май 2023-жылдагы   *Муниципалдык мүлктү ижарага берүүнүн тартиби  жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө* №2/8 Токтомуна толуктоолорду киргизүү туралуу АИД-3 КК долбоорунун өкүлү Э.Токоеванын маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.   Кочкор айылдык кенешинин 23-май  2023-жылдагы  *Муниципалдык мүлктү ижарага берүүнүн тартиби  жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө* №2/8 Токтому менен бекитилген Жобонун  *Муниципалдык мүлктү ижарага түз берүү* №2 бөлүмү *Муниципалдык менчик Кыргыз Республикасында өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген ар кандай долбоорлордун жана айыл өкмөтүнүн макулдашуулардын алкагында белгиленген тартипте тандалган өнөктөшкө берилет* деген сөздөр менен толукталсын.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Регламент, депутаттык этика, мандат, укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А. Сагынбек уулу