Редакцияот 13.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXХ чакырылышынын кезексиз XXХ сессиясынын

 

2024-жылынын 13-сентябры №4

 

«Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезектеги 29-сессиясынын №10 токтомуна өзгөртүү толуктоо киргизүү жөнүндө».

 

          Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезектеги 29-сессиясынын №10 токтомуна өзгөртүү толуктоо киргизүү жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү К.Сооронбаевдин жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХХ чакырылышынын  кезексиз  30 – cессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезектеги 29-сессиясынын №10 токтомуна өзгөртүү толуктоо киргизүү жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү К.Сооронбаевдин билдирүүсү эске алынсын. 

 

2.     “Таш-Көмүр Тазалык” чарбалык эсептеги муниципалдык ишканасынын 11.09.2024-жылдагы № 01-04/86 кайрылуу катын эске алып, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезектеги 29-сессиясынын “Таш-Көмүр шаары боюнча 2024-жылга катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн кызмат көрсөтүүнүн бааларын (тарифтерин) көтөрүп, карап берүү тууралуу” №10 токтомунун 2-пунктунун 3-пунктчасына төмөндөгүдөй өзгөртүү толуктоо киргизилсин.

·       мекеме-ишканалар жана жеке секторлорго 1 м3 таштанды үчүн – 223 сом 82 тыйын;

 

3.     Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.

 

4.     Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.Tash-komurkenesh.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

 

5.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы «Экономика жана бюджет» боюнча туруктуу комиссиясына (А.Джумашев) жүктөлсүн.

 

 

Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы:

 

С.Кудайбердиев