Редакцияот 10.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылышынын кезексиз ХIХ сессиясы

 

2024-жылдын 10-сентябры  № 19/1

 

Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн имаратын Визит кафесинин имаратына алмаштыруу жөнүндө

Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн имаратын *Визит* кафесинин имаратына алмаштыруу тууралуу айыл өкмөт башчысы Б.Акишовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.           Кочкор айылынын Шамен көчөсүнүн №36 дарегинде жайгашкан Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн имаратын Кочкор айылынын Орозбаков көчөсүндө, И.Арабаев атындагы орто мектебинин жанында жайгашкан *Визит* кафесинин имаратына алмаштырууга макулдук берилсин.

2.           Тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.

3.           Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А. Сагынбек уулу