КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Аксы районунун Кызыл-Туу айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги он сегизинчи сессиясынын
2023-жылдын 11-апрелиндеги № 18-9
Жер участокторунун чектик өлчөмдөрүн аныктап берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы №45 “Жер кодексинин” 18-беренесинин 3-пунктуна негиз, жеке жактардын менчигине берүүлүүчү жер участокторунун чектик өлчөмдөрүн аныктоо жөнүндө жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Ж.Малабаевдин билдирүүсүн жана Кызыл-Туу айылдык кеңешинин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп,талкуулап,сессия
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кызыл-Туу айыл аймагындагы үлүш жерге салынган турак жайлар үчүн 0,04 Га, калктуу конуштарга салынган турак жайлар үчүн 0,10 Га жер аянтынын чектик өлчөмдөрү бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Алимбековго милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Токтомду kуzуl-tuu.gos.kg расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айылдык Кеңештин жооптуу катчысы Ж.Шайдиевага жүктөлсүн.
5. Токтом расмий сайтка жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
| Б.Төрөбеков |