Редакцияот 10.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылышынын кезексиз ХIХ сессиясы

 

2024-жылдын 10-сентябры  № 19/3

 

Тарифтерди бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Борборлоштурулган ичүчүү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө» 2024-жылдын 19-июнундагы №320 Токтому менен бекитилген талаптар туралуу Б.Акишовдун маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.           Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Борборлоштурулган ичүчүү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө» 2024-жылдын 19-июнундагы №320 Токтомунун негизинде аныкталган тиешелүү тарифтер бекитилсин.   

2.           Тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.

3.           Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А. Сагынбек уулу