Редакцияот 11.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Аксы районунун Кызыл-Туу айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги он сегизинчи сессиясынын

 

2023-жылдын 11-апрелиндеги № 18-7

 

Ветеринардык адистин кызмат көрсөтүү акысын бекитип берүү жөнүндө

Кызыл-Туу айылдык Кеңешинин айыл-чарба жана жаратылышты коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп,талкуулап, сессия

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т :

 

1. Кызыл-Туу айыл аймагындагы жеке менчик малдарды эмдөөдө кара малга, жылкыга -30 сом, майда жандыктарга – 10 сом, ит-мышыкка -50 сом өлчөмүндө кызмат көрсөтүү акысы бекитилсин.

2. Малдарды эмдөөдөн өткөрүү Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн ветадистери А.Кожобековго жана С.Рысбаевге милдеттендирилсин.

3. Аталган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин айыл-чарба жана жаратылышты коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

4. Токтомду kуzуl-tuu.gos.kg расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айылдык Кеңештин жооптуу катчысы Ж.Шайдиевага жүктөлсүн.

5. Токтом расмий сайтка жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Төрага

 

Б.Төрөбеков