КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Аксы районунун Кызыл-Туу айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги он сегизинчи сессиясынын
2023-жылдын 11-апрелиндеги № 18-5
Акча каражатын бюджетке киргизүү жөнүндө
Кызыл-Туу айылдык Кенешинин бюджет-финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, талкуулап сессия
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. “Хелветас“ уюму тарабынан коомдук угуу жана семинарларды өткөрүү үчүн которулган 18 000(он сегиз миң) акча каражаты бюджетке киргизилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Т.Арстанбаевге милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет-финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Д.Арстанбаевге тапшырылсын.
4. Бул токтомду kуzуl-tuu.gos.kg расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айылдык Кеңештин жооптуу катчысы Ж.Шайдиевага жүктөлсүн.
5. Токтом расмий сайтка жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет
Төрага |
| Б.Төрөбеков |