Редакцияот 10.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылышынын кезексиз ХIХ сессиясы

 

2024-жылдын 10-сентябры  № 19/4

 

Айрым  бала бакчаларга кошумча тайпаларды ачууга макулдук берүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы №229-т тескемесинин негизинде айрым бала бакчаларга кошумча тайпаларды ачуу  тууралуу депутат Н.Усупбаеванын маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.          Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы №229-т тескемесинин негизинде  Ормон-Хан айыл аймагынын Э.Жунушалиева бала бакчасына 1 тайпа, Мээрим-Нур бала бакчасына 1 тайпа, АТА бала бакчасына 1 тайпа, Сакин-Апа бала бакчасына 2 тайпа, Алтын Балалык бала бакчасына 2 тайпа, Барчын Уя бала бакчасына 2 тайпа, Асел бала бакчасына 2 тайпа, Ийгилик-9 бала бакчасына 1 тайпа ачууга макулдук берилсин.

2.          Тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Билим берүү, маданият, спорт, жаштар иштери жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А. Сагынбек уулу