КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Аксы районунун Кызыл-Туу айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги он сегизинчи сессиясынын
2023-жылдын 11-апрелиндеги № 18-3
Мүчөлүк акынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Калматованын Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруучуларынын Союзуна мүчөлүк акынын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө кайрылуусун угуп,талкуулап, ЖӨБ Союзунун Уставынын негизинде сессия
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруучуларынын Союзуна мүчөлүк акы 1(бир) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышы ФЭБнүн башчысы Т.Арстанбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет-финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтомду kуzуl-tuu.gos.kg расмий сайтка жарыялоо, КР ченемдик –укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы кеңештин жооптуу катчысы Ж.Шайдиевага жүктөлсүн.
5. Токтом расмий сайтка жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
| Б.Төрөбеков |