Редакцияот 11.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Аксы районунун Кызыл-Туу айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги он сегизинчи сессиясынын

 

2023-жылдын 11-апрелиндеги № 18-2

 

Жайыт комитетинин 2023-жылга киреше-чыгаша бөлүгүнүн сметасын бекитүү жөнүндө

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп,талкуулап,сессия

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т :

 

1. 2022-жылкы ЖПБнын аткарган иштери,кемчиликтери эске алуу менен “канааттандыраарлык” деп белгиленсин.

 

2. Жайыт комитетинин 2022-жылкы бюджетинин аткарылышы,кемчиликтерди эске алуу менен “канаттандыраарлык” деп белгиленсин.

 

3. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн ЖПБнын бюджети 2023-жылга киреше бөлүгүнүн бюджети : киреше бөлүгү--219 500 сом,

чыгаша бөлүгү—219 500 сом болуп эсептелсин;

 

4. Кызыл-Туу айыл аймагынын ЖПБнын 2023-жылга иш планы бекитилсин.

 

5. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө 2023-жылда аткарган кызматы үчүн 3/1 бөлүгү жайыт инфраструктурасын жакшыртууга –73200 сом которулуп берилсин.

 

6. Жайыт комитетинин төрагасы Ш. Арзыбаевге бир жылдык эмгек акысы 21111100-беренесине----120 000 сом

21211100-беренесине----20700 сом .

 

7. Ар түрдүү чыгымдар үчүн: 22154900-беренесине ---4600, Аксы айыл чарба департаментине--- 1000сом болуп бекитилсин.

 

8. Жайыт мыйзамдарынын жоболорун бузуп, жайыт билетин албай чыккан жайыт пайдалануучуларга айып акы салынаары эскертилсин.

 

9. Төрт түлүк малга алынуучу салык төмөндөгүдөй болуп бекилсин

а). Кара мал,жылкыга ----80 сом;

б). Кой,эчкиге ----20 сом ;

 

9. Жайыт билетин алуу үчүн, жайыт пайдалануучулар төрт түлүк малын эмдөөдөн өткөндүгү жөнүндө тактаманы айыл өкмөтүнүн ветадисинен алуу жагы милдеттендирилсин.

 

10. Токтомдун аткарылышы Жайыт комитетинин төрагасы Ш.Арзыбаевге милдеттендирилсин.

 

11. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

12. Ушул токтомду kуzуl-tuu.gos.kg расмий сайтка жарыялоо, КР ченемдик –укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы кеңештин жооптуу катчысы Ж.Шайдиевага жүктөлсүн.

 

13. Токтом расмий сайтка жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Төрага

 

Б.Төрөбеков