КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Аксы районунун Кызыл-Туу айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги он сегизинчи сессиясынын
2023-жылдын 11-апрелиндеги № 18-1
“Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын киреше бөлүгүнөн 2023-жылга калган калдык акча каражатын бөлүү жөнүндө”
Кызыл-Туу айылдык Кеңешинин бюджет-финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын киреше бөлүгүнөн 2023-жылга калган калдык акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө корутундусун угуп,талкуулап,сессия
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Айыл өкмөттүн 2022-жылдын киреше бөлүгүнөн 2023-жылга калган 3412200 ( үч миллион төрт жүз он эки миң эки жүз ) сом калдык акча каражаты төмөнкүдөй тартипте бөлүнсүн:
-- Кассадагы накталай акчанын көлөмү ---200 миң сом ;
-- Ар түрдүү чыгымдарга (боз үйдүн жанына гос.акт,жаңы долбоорду даярдоого АПУ,ИТУ чийдирүүгө) --- 200 миң сом ;
-- “Кыргызстан айылдык ден-соолук комитети” тарабынан уюштурулган жугуштуу эмес оорууларды алдын алууга багытталган чакан гранттар долбоорунун өздүк салымына --- 200 миң сом ;
-- Жылгын айылындагы күөш залынын смета проектисин экспертизадан өткөрүүгө ---20 миң сом ;
-- ГСВ нын смета проектисин экспертизадан өткөрүүгө ---20 миң сом ;
-- ГСВ нын курулушуна өздүк салым үчүн --- 200 миң сом ;
-- Жол-Сай спорт залынын курулушуна материал алып берүү үчүн --500 миң сом;
-- Жылгын күрөш залынын курулушуна материал алып берүү үчүн --300 миң сом;
-- Кызыл-Туу спорт залынын курулушуна материал алып берүү үчүн --500 миң сом;
-- Жол-Сай,Сарымсак-Булуң,Аркыт айылындагы ички жолдорду ремонттон өткөрүүгө --- 150 миң сом;
-- Мектептердин ар түрдүү чыгымдарына --- 100 миң сом;
-- Желек,эки имаратка “өкмөт”,”кеңеш” деп жаздырууга,баннерлерге –50 миң сом;
-- Көк бөрүгө --- 30 миң сом;
-- Жаш өспүрүмдөрдүн ар түрдүү спорт оюндарына катышуусуна ---30 миң сом;
-- Айыл өкмөтүнүн аймагына видео көзөмөл койдурууга --- 80 миң сом;
-- Күйдүргү очогун залалсыздандырууга (хлорго) --- 25 миң сом;
-- Мектептеги 2 сааттык бала бакчанын тосмосуна ---100 миң сом;
-- Бал бакчанын сметасын даярдоого --- 120 миң сом;
-- Трактордун дөңгөлөгүнө (эксковатор Беларусь 82-1) --- 50 миң сом;
-- Соляркага (айыл аймактын иштерине) --- 80 миң сом;
-- А.Мамытов атындагы ФАПтын жылуулук системасына ---15 миң сом;
-- Айылдык Кеңешке ноутбук,картридж,кондиционер --- 75 миң сом;
-- Батырбек айылына таза суу тартуу үчүн --- 152,2 миң сом;
-- Айылдардагы чөп жайларга жол үчүн--100 миң сом;
-- Аялдар кеңешинин чыгымдарына --- 30 миң сом;
-- Сыйлыктар үчүн --- 5 миң сом;
-- Суу каналынын башын бекемдөө үчүн --- 80 миң сом;
2. Жогорудагы акча каражаттарын мыйзамдаштыруу жана максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөттүн каржы экономикалык бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет-финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Аталган токтомду kуzуl-tuu.gos.kg расмий сайтка жарыялоо, КР ченемдик –укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы кеңештин жооптуу катчысы Ж.Шайдиевага жүктөлсүн.
5. Токтом расмий сайтка жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
| Б.Төрөбеков |