Редакцияот 10.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылышынын кезексиз ХIХ сессиясы

 

2024-жылдын 10-сентябры  № 19/7

 

“Кой-Таш” участкасынын ПДПсын түзүү үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө

Ормон-Хан айыл аймагынын “Кой-Таш” участкасынын деталдуу чийүү планын  (ПДП) түзүү  үчүн 5 500 000 сомду айыл аймактын бюджетинен бөлүү туралуу Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын маалыматтын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1.           Ормон-Хан айыл аймагынын Кой-Таш участкасынын деталдуу чийүү планын  (ПДП) түзүү үчүн Ормон-Хан айыл аймагынын 2025-жылдын бюджетинен 5 500 000   (беш миллион беш жүз мин) сом каралсын.

2.           2025-жылдын бюджетинин долбооруна аталган акча каражатын сунуштоо жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.

3.           Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А. Сагынбек уулу