Редакцияот 21.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Айылдык кеңешинин 5-кезексиз сессиясы

2024-жылдын 21-июну № 46

Большевик айылынын аталышын өзгөртүү жөнүндө

 

Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы Б.К.Саркуловдун Сретенка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 9-августундагы “Большевик, Заря айылдарынын аталышын Эсен-Аман айылына өзгөртүү жөнүндө” № 100 токтомун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Мыйзамынын 12-беренесине ылайык

Айылдык кеңеш токтом кылат :

 

1. Сретенка айылдык кеңешинин “2023-жылдын 9-августундагы “Большевик, Заря айылдарынын аталышын Эсен-Аман айылына өзгөртүү жөнүндө” № 100 токтому күчүндө калтырылсын, тагыраак:

–       “Большевик айылынын аталышы “Эсен-Аман айылы” аталышына өзгөртүлсүн.

–       “Заря” айылынын аталышы өзгөрүүсүз калтырылсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековго жүктөлсүн.

  

Төрага

 

Б.К.Саркулов