Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 10-сентябры № 19/11
“Айыл чарба жерлеринин кайра бөлүштүрүү фондунун
жерлерин пайдалануунун келечек планы” жөнүндө
Ормон-Хан айыл аймагынын айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин торук аркылуу жана түз берүү боюнча 5 жылдык мөөнөткө жазалган “Айыл чарба жерлеринин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануунун келечек планы” тууралуу айыл өкмөт башчысы Б.Акишовдун маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ормон-Хан айыл аймагынын айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин торук аркылуу жана түз берүү боюнча 5 жылдык мөөнөткө жазалган “Айыл чарба жерлеринин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануунун келечек планы” тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | А. Сагынбек уулу |
Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн
Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү
фондунун жерлерин пайдалануунун
КЕЛЕЧЕК ПЛАНЫ
МАЗМУНУ
Киришүү бөлүгү---------------------------------------------------------------------------------------
1 БӨЛҮМ. Ормон-Хан айыл аймагынын жерлеринин жалпы курамы-----
1. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун (МФ)жерлеринин
курамы
2. МФнын жерлерин пайдалануу
3. МФнын пайдаланылбаган же жарым –жартылай пайдаланылган
жерлери
4. МФ нын жерлеринен калктуу конуштарды кеңейтүүгө калтырылган жер
участоктору
5. МФнын жерлерин пайдаланууга болгон талап.
2 БӨЛҮМ МФнын жер-пландоо аймактары ---------------------------------------------
1. МФнын экономикалык жактан кызыктырган жерлеринин аймагы
2. МФнын жакшыртуу үчүн инвестиция талап кылган жерлеринин
аймагы
3. МФ нын талап болбогон жерлеринин аймагы
3 БӨЛҮМ. МФнын жерлерин ижарага берүү-------------------------------------------
1 Жалпы жоболор
1.1 МФнын жер участокторун аукцион аркылуу ижарага берүү
1.2 МКФнын жер участокторун конкурс аркылуу ижарага берүү
1.3 МФнын жер участокторун ижарага түз берүү
1.3.1 МФнын жерлерин социалдык багыттагы субъектилерге
ижарага берүү.
1.3.2 МФнын талап болбогон жерлерин, ошондой эле экинчи конкурс
өткөн жок деп таанылгандагы жерлерди ижарага берүү.
1.3.3 МФнын жерлерин мамлекеттик үрөнчүлүк,асыл-тукум,
тажрыйбалык –уруктандыруу жана эксперименталдык чарбаларга ижарага
берүү.
1.3.4 МФнын жерлерин айыл аймагында жашаган
жакыр жарандарга жана үй бүлөлөргө ижарага берүү
Корутунду бөлүк.
2,1 МФнын жерлерине ижара келишимдерин түзүү жана келишимдерди
мамлекеттик каттоо
2.2 Акча каражаттарын бөлүштүрүү
1-тиркеме. Документтердин үлгүлөрү--------------------------------------------------
2-тиркеме. МФнын жерлеринин таблицаси-----------------------------------------
3-тиркеме. МФнын жерлеринин ижарачыларынын тизмеси--------------------
КИРИШ БӨЛҮГҮ
Ормон-Хан айыл аймагы Админицитративдик территориялык реформанын негизинде 2023-жылдын 25-май айында түзүлгөн, ал Нарын областынын Кочкор районунун курамына кирип, областтын борбору-Бишкек шаарынан 200 км аралыкта жайгашкан.
Айыл аймагынын орун алган аймактын климаты кескин континенталдуу болгондуктан, эң төмөнкү температура -5-30 градус, эң ысык мезгили +20+35 градусту түзөт.
Ормон-Хан айыл аймагында көп улуттуу калк жашайт жана калкынын саны боюнча райондогу эң ири айылдык аймак болуп саналат. Жер кыртышынын катмары аймактын бийиктигинен, рельефтен, катмарлардын мүнөзүнөн түздөн-түз көз каранды.
Бишкек – Торугарт автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1780 м бийикте жайгашкан. Балыкчы темир жол бекетинен 55 км. Негизинен мал менен алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет. кинотеатр, маданият үйү, тарыхый-край таануу музейи, мечит, стадион бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода комплекси, ресторан, кафе-бар, тамактануу жайлары, базар иштейт.
Айыл аймагында 9 калктуу конуш бар:
Кочкор, Тендик, Большевик, Жаны-Жол, Кара-Суу, Семиз-Бел, Көк-Жар, Кара-Күнгөй, Кара-Саз.
Айыл аймактын калкынын саны 2024-жылга карата-31497 адамды же -6081 түтүн бар.
Айыл аймакта:
11-орто билим берүүчү мектеп.
11-бала бакча
1-маданият үйү, 6-клуб
1-тарыхый-край таануу музейи
1-кинотеатры
1- телеком
1-почта
11-банк, 1- кредиттик союз.
1-Борборлоштурулган оорукана, 5-ФАП,
1- спорт мектеби.
7- китепкана.
2- үрөнчүлүк чарба,
1-базар, 1-мал базар бар.
Айдоо жерлеринде жер кыртышынын катмары 2 типке бөлүнөт: типтүү боз топурак жана коңур –шалбаалуу боз топурак. Коңур боз топурактуу жерлер деңиз деңгээлинен 1780м бийиктикте таралган.
Эң көп өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрү:
*Картошка –
*дан өсүмдүктөрү: буудай, арпа.
*Жүгөрүү тоют катары (силос)
*алма
*өрүк
* жашылчалар: капуста.картошка,помидор,пияз,сабиз, бадыраң.
1.БӨЛҮМ. Ормон-Хан айыл аймагынын жерлеринин жалпы курамы
Учурда Ормон-Хан айыл аймагынын жалпы-180 620,892 га жер бар, анын ичинде айыл чарба багытындагы жерлер -1996,20 га, калктуу конуш жерлери-935,16 га, анын ичинен кайрак айдоо 77,0 га, чөп чабынды 176,30 га жери пайдаланууда.
2. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануу 2024-жылга карата 1486,0 га жери пайдаланууда, анын ичинен сугарылуучу 1341 га. Кайрак айдоо 145,0 га жер.
2024-жылга карата мөөнөтү бүтүүчү жерлер, анын ичинен кайрак айдоо ____га, чабынды ______ га жер «аукционго» коюлганы турат.
Айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунун (МФ) жерлеринин курамы
МФнын жерлеринин жалпы аянты-1996,20 га, анын ичинен сугат айдоо-1341,0 га, кайрак айдоо-______ га, кысыр аңыз-_______га
Ормон-Хан айыл аймагы боюнча 2024-жылдын карата инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча МФнын жерлеринин жалпы аянты -1996,20га, анын ичинен 1341,0 га сугат айдоо, _______га кайрак айдоо, _______га кысыр аңыз.