КАРА-КӨЛ ШААР АЙМАГЫНЫН КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМУ
2023-жылдын 22-августундагы № 139/30-8
“Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн коомдук тартипти сактоо, тартип бузуучулукту, кылмыштуулукту болтурбоо боюнча балдар жана жаштар арасында көрүлүп жаткан иш-чаралар жана жарандардын укугунун корголушу жөнүндө маалыматы”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 17-бөлүкчөсүн жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесинин 8-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги Э.Ы.Молдокеевдин шаардык ички иштер бөлүмүнүн коомдук тартипти сактоо, тартип бузуучулукту, кылмыштуулукту болтурбоо боюнча балдар жана жаштар арасында көрүлүп жаткан иш-чаралар жана жарандардын укугунун корголушу жөнүндө маалыматын жана шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары К.Д.Батыркуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги ХХХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги Э.Ы.Молдокеевдин шаардык ички иштер бөлүмүнүн коомдук тартипти сактоо, тартип бузуучулукту, кылмыштуулукту болтурбоо боюнча балдар жана жаштар арасында көрүлүп жаткан иш-чаралар жана жарандардын укугунун корголушу жөнүндө маалыматы жана шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары К.Д.Батыркуловдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Кара-Көл шаарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн шаар аймагында жайгашкан менчигинин түрүнө карабай мекеме-ишканаларга видео көзөмөл койдуруу боюнча иш алып баруу шаардык мэрияга (Т.Т.Конкобаев), шаардык ички иштер бөлүмүнө (Э.Ы.Молдокеев) жүктөлсүн.
3. Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмү (Э.Ы.Молдокеев) кылмыштуулукту азайтуу боюнча балдар жана жаштар арасында профилактикалык иштерди жүргүзсүн.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Т.Т.Конкобаев), шаардык ички иштер бөлүмүнө (Э.Ы.Молдокеев), аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (С.М.Тельтаева) жүктөлсүн.
Төрага | Ч.А.Кимсанов |