Редакцияот 22.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КӨЛ ШААР АЙМАГЫНЫН КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 22-августундагы № 138/30-8

 

“Кара-Көл шаардык жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун 2022-жылда аткарган иштери жөнүндө маалыматы”

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 17-бөлүкчөсүнө жана Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык Кара-Көл шаардык жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун 2022-жылда аткарган иштери жөнүндө ЖДПБнун директору А.А.Ырысбековдун маалыматын жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.А.Шаменованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXX сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.

Шаарыбыздын калкын тейлөөдө стационардык 100 койка, 4 үй бүлөлүк дарыгерлер тобу (ГСВ), 2 ФАП бар. Хирургия бөлүмүндө 32, офтальмологиялык 8. Терапия бөлүмүндө 27 анын ичинде терапиялык профилде 15, неврология бөлүмүндө 12. Балдар бөлүмүндө 12, инфекция бөлүмүндө 15. Төрөт бөлүмүндө 14 койка. Күндүзгү стационарда терапиялык профилде 10 койка бар.

Кара-Көл шаардык жалпы дарыгерлер практикалоо борбору “Бүткүл дүйнөлүк кургак учук менен күрөшүү”, “Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата”, “Бүткүл дүйнөлүк эмдөө”, “Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү” боюнча иш-чараларды жүргүзгөн.

Жалпы кызматкерлердин саны врачтар 34, медициналык кызматкерлер 68, кенже кызматкерлер 51, башка кызматкерлер 33.

ЖДПБда медициналык кызматкерлер арасында ай сайын бейтаптарды сапаттуу тейлөө, врачтар тарабынан көрсөтүлгөн көрсөтмөлөрдү өз убагында аткаруу, бейтаптар арасында сапаттуу иш-чараларды жүргүзүү жана тааныштыруу иштери боюнча семинар окуулар өткөрүлүп турат.

Жогорудагылардын негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттардын кезектеги XXX сессиясы

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

1. Кара-Көл шаардык Жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун 2022-жылда аткарган иштери жөнүндө ЖДПБнун директору А.А.Ырысбековдун маалыматы жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.А.Шаменованын билдирүүсү эске алынсын.

2. Кара-Көл шаардык Жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун директору А.А.Ырысбековго төмөнкүлөр сунушталсын:

- 1 жашка чейинки балдардын жана кош бойлуу энелердин ден соолугуна кам көрүүнү ар тараптан жакшыртуу;

- канды текшерүү жана флюорографияны үзгүлтүксүз иштетүүгө аракеттерди алдын ала көрүү;

- керебеттердин санын көбөйтүү жана төшөнчү орундарды мүмкүнчүлүк болушунча жаңыртуу.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэриянын вице-мэрине (Г.О.Сатарова), Жалпы дарыгерлер практикалоо борборуна (А.А.Ырысбеков), көзөмөлдөө жагы Кара-Көл шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Г.А.Шаменова) жүктөлсүн

 

 

Төрага

Ч.А.Кимсанов