Редакцияот 22.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КӨЛ ШААР АЙМАГЫНЫН КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 22-августундагы № 136/30-8

 

“Б.Н.Кыргызалиевге “Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө”

Бакытбек Насерединович Кыргызалиевге “Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары К.Д.Батыркуловдун билдирүүсүн жана Б.Н.Кыргызалиевдин Кара-Көл шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымын эске алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги ХХХ сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бакытбек Насерединович Кыргызалиевге шаардын жогорку “Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

 

2. Кара-Көл шаардык мэрия жана шаардык кеңеш биргеликте шаардын даталуу күндөрүндө Б.Н.Кыргызалиевге “Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамынын күбөлүгүн, грамотасын жана төш белгисин жана “Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу жөнүндө” жобонун 5-бөлүмүнүн 5-бөлүгүнө ылайык орточо көрсөткүчтүн 10 эсе өлчөмүндөгү (1000 сом) акчалай сыйлыкты салтанаттуу тапшырууну камсыз кылсын.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Т.Т.Конкобаев), ал эми көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (С.М.Тельтаева) жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Ч.А.Кимсанов