Редакцияот 29.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 29-июнунун № 18-9-3

 

Майлуу-Суу шаардык Кеңешинин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасын бекитүү жөнүндө

Жергиликтүү Кеңештин регламентинин 7-главасынын 7.8-пунктуна ылайык, шаардык Кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынтыгын угуп жана депутаттардын көпчүлүк добуштан кабыл алуусу менен Майлуу-Суу шаардык Кеңештин ⅠⅩ чакырылышынын кезексиз ⅩⅤⅠⅠⅠ сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Майлуу-Суу шаардык Кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.

 

2. Майлуу-Суу шаардык Кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп “ Ата-Журт” фракциясынын депутаты Алимбеков Акматжан Абдыжапарович бекитилсин.

 

3. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо, шаардык Кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары

 

Д.Токтогулов