КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 30-майындагы № 01-5/159
Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы, жергиликтүү маанидеги маселелерди ишке ашырууда, чечүүдү жана иш-чараларды уюштурууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына усулдук жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентиги берген жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун Типтүү тартибин бекитүүгө берген шаардын мэринин сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартиби бекитилсин.
2. Шаардын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу жаатында жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн функцияларын жана милдеттерин бекитишсин жана тийиштүү адистер менен аткарууга алышсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаардын мэри А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «муниципалдык менчик, жер, курулуш, өнөр жай, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.А.Абдуразаков |
|
| БЕКИТЕМ |
|
| Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин Төрагасы ________Н.А.Абдуразаков кезектеги XXIII сессиясынын № 01-5/159-токтомуна 1-тиркеме 2023-жылдын 30-майы |
Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун
тартиби
1. Жалпы жоболор жана терминдер
1. Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун бул тартиби (жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин бекитүү боюнча жергиликтүү кеңештердин компетенциясын аныктоочу “жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 37 беренелеринин 2-пунктунун 1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык иштелип чыккан.
2. Тартип жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына өзүнүн компетенциясынын чегинде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө карата талаптарды белгилейт.
3. Бул тартипте төмөнкү терминдер колдонулат:
Жергиликтүү маанидеги маселелер-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан, ошондой эле жарандардын түздөн-түз эркин билдирүү жолу менен чечилүүчү тиешелүү аймактагы калктын турмуш-тиричилик аракеттерин камсыз кылуу маселелери.
Компетенция-мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын юридикалык жактан белгиленген укутар менен милдеттердин жыйындысы.
Көзөмөл-ыйгарым укуктуу орган тарабынан учурдагы кырдаалдын толуктугуна, аткаруучуга жүктөлгөн тапшырманын аткарылышынын сапатына, белгиленген көрсөткүчтөргө же кабыл алынган стандарттарга ылайык келүүсүнө баа берүү процесси.
Мониторинг жана баалоо-башкаруу субъектине башкарылуучу объектке эффективдүү таасир көрсөтүү максатында белгилүү бир объекттин ишине таасир этүүчү маалыматтарды системалуу чогултуу, сактоо, иштетүү, талдоо жана баалоо процесси:
Милдеттенме-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын керектөөчүлөргө (юридикалык же физикалык) жактарга белгилүү бир сумманы кызмат көрсөтүүлөр/товарлар, жумуштар, жөлөкпулдар, компенсациялар жана башка акчалай төлөм түрүндө төлөп берүү же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык- техникалык камсыздоо маселелерин, келишим милдеттенмелерин, ченемдик-укуктук актыларды аткаруунун алкагында чечүү.
Уюштуруу-жергиликтүү маанидеги жана берилген мамлекеттик ыйгарым укутардагы маселелерди чечүүдө натыйжага жетишүүгө багытталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын уюштуруучулук-техникалык, уюштуруу-техникалык чараларынын жана тескөөчүлүк иш аракеттеринин комплекси.
Ыйгарым-укук- мамлекеттик бийлик органдарынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын белгилүү бир иштижүзөгө ашыруу үчүн аларга жүктөлгөн функцияларын аткарууга багытталган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каралган укугу;
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башкаруу функциясы-бул уюмдардын, ишканалардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өзүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктардын чегинде жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча уюштуруучулук-укуктук, уюштуруучулук-техникалык, уюштуруучулук-тескөөчүлүк шарттарды түзүүгө байланышкан типтүү маселелерди чечүүдөн турган (пландаштыруу, жөнгө салуу, контролдоо) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын туруктуу, циклдик түрдө кайталанып турган аракеттери:
Башкаруу-уюмдун максатына же конкреттүү маселени чечүүгө багытталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын божомолдоо(прогноздоо), пландаштыруу, уюштуруу, мотивациялоо жана контролдоо процесси;
Кызмат-юридикалык жана жеке жактардын коомдук жыргалчылыкка муктаждыктарын канааттандырууга, алардын конституциялык укуктарын жана коом алдындагы милдеттерин ишке ашырууга багытталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш аракети.
2. Тартипти даярдоо жана ишке ашыруу этаптары
4. Тартип жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын төмөнкү иш аракеттерин камтыйт:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди пландаштыруу,
2) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү процесси уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;
3) жергиликтүү маанидеги маселелердин чечилишине мониторинг, баалоо жана контроль жүргүзүү.
5. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча милдеттерди жана чараларды пландаштыруу жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын, ошондой эле анын мекемелеринин жана ишканаларынын жылдык иш пландарын иштеп чыгуу алкагында ишке ашырылат.
6. Жергиликтүү маанидеги өзунчө маселени чечүүнү уюштуруу өзүнө жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча функцияларды,кызмат көрсөтүүлөрдү, милдеттенмелерди иштеп чыгуу жана белгилөө боюнча иш-аракеттерди камтыйт.
7. Функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, милдеттердин тизмесин түзүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын төмөнкүдөй ырааттуу иш-чараларды жүзөгө ашырат.
№1 кадам.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн функциялардын, кызматтардын, милдеттердин бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына талдоо жүргүзүлөт.
№2 кадам.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы талдоолордун жыйынтыгынын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын болгон ыйгарым укуктарына жана анын материалдык жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык келген функциялар, кызматтар/иштер, милдеттенмелер тандалып алынат.
№3 кадам.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүүнүн планын иштеп чыгат. Жергиликтүү маанидеги бул маселени чечүү үчүн зарыл болгон функциялар, кызматтар, милдеттер Пландан бөлүнүп белгиленет.
№4 кадам
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, милдеттердин тизмесин бекитүү үчүн жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоорун иштеп чыгат.
№5 кадам
Жергиликтүү кеңештин регламентине ылайык, жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоору жергиликтүү коомчулукка кеңири маалымат берүү менен, коомдук талкуудан өтөт.
№6 кадам
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча иш милдеттердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин бекитүү үчүн жергиликтүү кеңештин токтомун кабыл алат.
8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жергиликтүү маанидеги маселени чечүү үчүн тараптардын аракеттерин координациялоо жөнүндө чечим кабыл алат, ал төмөнкү чараларды камтыйт:
Жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча милдеттерди, чараларды жана кызмат адамдардын ортосунда жоопкерчиликти бөлүштүрүү
Кызмат көрсөтүүнү, иштерди аткаруу үчүн подрядчыны тандоо/дайындоо жол жобосун жүргүзүү
Көрсөтүлгөн кызматтын баасын аныктоо(зарыл болгон учурда)
Жарандардын айрым категорияларын кызмат көрсөтүүлөр үчун акы төлөөдөн жарым-жартылай же толук бошотуу боюнча компенсациялык чараларды белгилөө(зарыл болгон учурда)
Жергиликтуу маанидеги маселени чечүүдө каржылоо жана материалдык булактарын аныктоо
Жергиликтүү маанидеги маселени чечүүгө байланышкан башка чаралар.
3. Жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерди талкулоо жана башкаруу процесстерине катышуусу
10. Бул Тартиптин эрежелерин ишке ашыруунун бардык этаптарында жергиликтүү жамаат жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча милдеттерди жана чараларды талкулоого кеңири тартылат.
11. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү жамаатка жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселеге карата аткарылып жаткан милдеттер жана чаралар жөнүндө кеңири маалымат берет. Аны маалыматтык такталарды пайдалануу , шаар/айыл аймагынын веб-сайтына, социалдык тармактарга жана маалымат берүүнүн башка ыкмаларын колдонуу аркылуу жүзөгө ашырат.
12. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча демилгелөө, милдеттерди жана иш-чараларды талкулоо процесстерине жарандарды тартуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жарандардын демилгелүү топторун, ошондой эле жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү үчүн жергиликтүү төз алдынча башкаруу органдарынын жумушчу топторун түзүү сунушталат.
13. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруу органы жергиликтүү жамааттын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүн тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү процессине мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын иштеп чыгат жана бекитет.
14.Мониторингдин жана баалоонун натыйжалары жергиликтүү кеңеш тарабынан өз жыйналыштарында каралат.
Мэр | А.Т.Жумаев |