Редакцияот 22.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Эл депутаттарынын Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы

 

 

2023-жылдын 22-мартындагы № 15/2

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2021-жылдын 17-декабрындагы № 309  “Кыргыз Республикасынын агро өнөр жай комплексин өнүктүрүү жөнүндө” токтомун талкулоо жана кеңештин сунуштарын №309 токтом боюнча түзүлгөн райондук комиссияга берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 4-пунктчасына жана Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин Регламентине ылайык Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы токтом кылат:

 

1 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 309  “Кыргыз Республикасынын агро өнөр жай комплексин өнүктүрүү жөнүндө” токтомун негизинде айылдык кеңеш бекиткен КБФнын жерлеринин ижара акысын №309 токтом боюнча түзүлгөн райондук комиссияга сунуш кылынсын. (сунуш тиркелет)

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин айыл чарба, жер жана агрардык саясат экология, айлана-чөйрөнү коргоо, спорт, туризм боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

3. Бул токтом   https://ketmen-dobo.kg/ сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрайым

А.К.Жумалиева

 

 

Тиркеме