Редакцияот 13.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 13-сентябры № 39

Кара-Балта шаарына кошулган райондордогу кварталдардын чек араларын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык Кара-Балта шаарынын мэриясынын 11-сентябрдагы катынын негизинде кварталдык комитеттердин төрагаларынын ишмердүүлүгүн натыйжалуу жүргүзүү максатында Красный Восток айыл аймагынын Калинин айылын, Гидропартия жана Индом участкаларын кошуу , 2024-ж. No 01-5/1426, Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:

1. Кара-Балта шаарына кошулган райондордогу кварталдык комитеттердин аймактарынын чек аралары тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

 3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри М.Р.Джекшеновго тапшырылсын.

Жөнөтүү: иш кагаздарына, Кара-Балта шаардык мэриясы, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгы

 

Кеңештин төрагасы                                                М.Дүйшеналиев

 

 

 

 

                                                                                             Тиркеме

                                                                                             Кара-Балта 

                                                                                              шаардык Кеңешинин

                                                                                       № ______2024-ж                        

                                                                                             токтому

 

                   Кварталдык комитеттердин аймагынын чек аралары

 

№ п/п

Кварталдын саны

Короо

жайлардын саны

Көчө аттары

35

№

35

   370 короо

жайы

    370 короо жайы (Жаш Гвардия көч. № 1-41, 2-62, Э.Алыбаев көч. №1-41, 2-62, Салиев көч. №1-9, Достоевский көч. № 1-45, 2-34, Калинин көч. №  1-11, 2-20,  Есенин көч. № 1-63, 2-72 , Борбордук көч. № 2 -98, Красновосточный көч. № 1-10, Гагарин көч. № 4-48)

36

№

36

 468 короо

жайы

  468 короо жайы (Новая көч. № 1-45, Северная көч. № 4-30, 1-37, Космонавтов көч. № 2-76, 1-161, Э. Алыбаев көч. № 74-176, 93-199 , Б. Закиров көч. № 2-80, 1-79, Борбордук көч. №  102-174, Чапаев көч. № 2- 60, Гагарин көч. № 1-43)

37

№

37

60 короо

жайы

  60 короо  жайы (Эмгек проспектиси № 211-  223, Гидропартия)

38

№ 38

26 короо

жайы

 26 короо жайы

 (Үмүт көчөсү номери жок)

 

 

Аппарат жетекчиси                                                            Г.Алгожоева