Редакцияот 17.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 17-мартындагы № 21

 

Таш-Булак айылынын тургундарынын арызын канаатандыруу жөнүндө

 

Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.Коконовдун №01-13/35 сандуу Таш-Булак айылындагы таза суу боюнча кайрылуусун жана Таш-Булак айылынын тургундарынын №01-13/ 30 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап Акман айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы

 

Токтом кылат

 

1. Таш-Булак айылынын тургундарынын кайрылуусун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Ичүүчү суу жөнүндө” мыйзамынын 5-беренесин ылайык Таш-Булак айылындагы таза суусу Айыл өкмөтүнүн башчысы М.Коконовдун жеке жоопкерчилигине алуу менен бөлүнсүн.

 

2. Таш-Булак айылынын тургундары менен ичүүчү таза суусу боюнча келишим түзүп иш алып баруу Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.Коконовго жүктөлсүн.

3. Токтом Акман айылдык кенешинин www.akman.kg, веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Акман айылдык кеңешинин төрагасы:

А. Тилекеев