АКМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 17-мартындагы № 17
Акман айыл аймагынын ички айылдарына электр жарыгын орнотуу жөнүндө
Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.Коконовдун 2023-жылдын 13-мартындагы №01-32/93 сандуу билдирүүсүн угуп жана элдин суроо талабын эске алуу менен, Акман айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагынын Колот, Таш-Булак, Жаңы-Акман, Кайырма, Кош-Коргон, Жараке айылдарынын жаңы көчөлөрүнө электр линияларын тартуу боюнча жазылган долбоор жактырылсын жана колдоого алынсын.
2. Базар-Коргон райондук өнүктүрүү фондуна сунушталып жаткан 2495,0 миң сомдук долбоордун 495,0 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты Акман айыл өкмөтү тарабынан өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылансын.
3. Ушул токтом боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.Коконовго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук тартиби, коммуникациялар жана архитектура курулуш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Токтом Акман айылдык кенешинин www.akman.kg, веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Акман айылдык кеңешинин төрагасы: | А. Тилекеев |