КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 25-августундагы № 10
“Могол-Коргон айылынын Могол көчөсүнө электр линиясын тартуу жөнүндө”
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 25.08.2023-жылдагы № 01-17/935 сандуу катында көрсөтүлгөн Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу Могол-Коргон айылынын Могол көчөсүнүн түштүк тарабындагы көчөгө электр линиясын тартуу максатында Кеңеш айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XXVIII-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу Могол-Коргон айылынын Могол көчөсүнүн түштүк тарабындагы көчөгө электр линиясын тартууда Базар-Коргон райондук Өнүктүрүү фонду тарабынан өздүк салым эсебинен 70 000 (жетимиш миң) сом акча каражаты кароо жагы жактырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алкадыровко жана айыл өкмөттүн жер адисине милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Ураимовага милдеттендирилсин.
5. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Э.Усенбаевке жүктөлсүн.
Төрага | Ш.М.Канполотов |