КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 25-августундагы № 8
“Кара-Жыгач айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө”
Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Жыгач айылынын Кара-Булак, Жаз-Кечүү, Үч-Булак, Орто-Булак жана Бак участкаларына Beeline уюлдук телефон жана интернет улоо үчүн жер аянтын ажыратып берүү боюнча жазган кайрылуусуна негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XXVIII-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Жыгач айылынын тургундарынын кайрылуусуна негиз Beeline уюлдук телефон жана интернет улоо үчүн жер аянтын ажыратып берүү жагы жактырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алкадыровко жана айыл өкмөттүн жер адисине милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Ураимовага милдеттендирилсин.
5. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Э.Усенбаевке жүктөлсүн.
Төрага | Ш.М.Канполотов |