КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 25-августундагы № 7
“Кара-Жыгач айылынын тургуну Дубанаева Сурмахан Абдулатовнанын арызы жөнүндө”
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 01.08.2023-жылдагы № 01-17/856 сандуу катына негиз Кара-Жыгач айылынын тургуну Дубанаева Сурмахан Абдулатовнага жардам көрсөтүү максатында Кеңеш айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XXVIII-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Жыгач айылынын тургуну Дубанаева Сурмахан Абдулатовнанын арызын канааттандыруу максатында 10 000 (он миң) сом акча каражатын берүү жагы жактырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алкадыровко жана социалдык бөлүмүнүн башчысы Э.Абдулакимовко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алкадыровко жана КЭБ башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайтына жарыялансын.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Ураимовага милдеттендирилсин.
6. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Э.Усенбаевке жүктөлсүн.
Төрага | Ш.М.Канполотов |