КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 25-августундагы № 3
“Гөлөгөн-Суу” муниципалдык ишканасынын 2023-жылдын 6 (алты) айы ичинде аткарылган иштеринин отчету жөнүндө”
Кеңеш айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн Гөлөгөн-Суу муниципалдык ишканасынын 2023-жылдын 6 (алты) айы ичинде аткарылган иштеринин отчетун Кеңеш айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XXVIII-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн Гөлөгөн-Суу муниципалдык ишканасынын 2023-жылдын 6 (алты) айы ичинде аткарылган иштеринин отчету жактырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Алкадыровко жана Гөлөгөн-Суу муниципалдык ишканасынын жетекчиси Г.Акышовага милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Ураимовага милдеттендирилсин.
5. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Э.Усенбаевке жүктөлсүн.
Төрага | Ш.М.Канполотов |