Редакцияот 25.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 25-августундагы № 2

 

“Кеңеш-Тазалык муниципалдык ишканасынын 2023-жылдын 6 (алты) айы ичинде аткарылган иштеринин отчету жөнүндө”

 

Кеңеш айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн Кеңеш-Тазалык муниципалдык ишканасынын 2023-жылдын 6 (алты) айы ичинде аткарылган иштеринин отчетун Кеңеш айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XXVIII-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:

 

1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн Кеңеш-Тазалык муниципалдык ишканасынын 2023-жылдын 6 (алты) айы ичинде аткарылган иштеринин отчету жактырылсын.

 

2. Токтомдун аткарылышын Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Алкадыровко жана Кеңеш-Тазалык муниципалдык ишканасынын жетекчиси К.Мамановко милдеттендирилсин.

 

3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайтына жарыялансын.

 

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Ураимовага милдеттендирилсин.

 

5. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Э.Усенбаевке жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Ш.М.Канполотов