Редакцияот 16.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

             Айылдык кеңештин  депутаттарынын VII чакырылышы XVII сессиясы

 

2024-жылдын 16-сентябры  № 17/1

 

Айыл аймагындагы бала бакчаларга 2 жаштан 3 жашка чейинки балдарга кенже топтогу тайпа ачууга көмөк көрсөтүү жөнүндө

 

Кыргыз Өкмөтүнүн 2024-жылдын 10-майындагы № 229-токтомуна жана  Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу оргондары жөнүндө” №123  мыйзамынын 34-беренесине ылайык Депутаттардын  Чолпон айыл аймагынын айылдык  кеңеши токтом кылат:

 

1.            Чолпон айылдык аймагына караштуу Чекилдек айылындагы “Айсулуу-К” бала бакчасынын башчысынын билдирүүсүн угуп, Чекилдек айылындагы жана Чолпон айылындагы “Нур-Чолпон” бала бакчаларына жана Туз жана Ара-Көл айылдарындагы ачылып жаткан бала бакчаларына 2 жаштан 3 жашка чейинки балдарга, келечегине шарт түзүү максатында кенже топтогу тайпа ачылууга  макулдук берилсин.

-        Чекилдек айылындагы “Айсулуу-К” бала бакчасына 15 орундуу 1 кенже тайпа;

-        Чолпон айылындагы “Нур-Чолпон” бала бакчасына 15 орундуу 1 кенже тайпа;

-        Туз айылында ачылуучу бала бакчага 20 орундан  2 тайпа, 1 кенже тайпа 15 орун;

-        Ара-Көл  айылында ачылуучу бала бакчага 20 орундан  2 тайпа, 1 кенже тайпа 15

орун.

 

2. Токтомду көзөмөлдөө жагы Чолпон айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы               З. А. Козубековго милдеттендирилсин.

 

 

  Төрага

Жумалы уулу Адил