КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 4-октябрындагы № 147/31-8
“Кара-Көл шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын 2022-жылда аткарган иштери боюнча 1 жылдык маалыматы жөнүндө”
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 17-бөлүкчөсүнө жана Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык Кара-Көл шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын 2022-жылда аткарган иштери жөнүндө эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Ч.Э.Тургунбаеванын маалыматын жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.А.Шаменованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, 8-чакырылыштагы депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXXI сессиясы
ТОКТОМ К Ы Л А Т :
1. Кара-Көл шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын 2022-жылда аткарган иштери жөнүндө эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Ч.Э.Тургунбаеванын маалыматы жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.А.Шаменованын билдирүүсү эске алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы шаардык мэрияга (Г.О.Сатарова), эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына (Ч.Э.Тургунбаева) жүктөлсүн, көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык комиссиясына (Г.А.Шаменова) жүктөлсүн.
Төрага | Ч.А.Кимсанов |