Редакцияот 25.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) 30- сессиясы

 

2020-жылдын 25-декабры № 30-3

 

Бел айыл өкмөтүнүн 2021-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясын бекитүү жөнүндө

 

Бел айыл өкмөтүнүн 2021-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиясын угуп жана талкуулап Бел айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) 30-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Бел айыл өкмөтүнүн 2021-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиясы бекитилсин.

2. Айыл өкмөтүнүн өнүгүү стратегиясында белгиленген иш-чаралардын так аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Бел айылдык Кеңешинин төрагасы

Бекботоев Т.М.

 

 

“ Б Е К И Т Е М И Н ”

Ноокат райондук мамлекеттик

администрациясынын башчысы- акимдин

орун басары ______________ Н.Козуев

“ 1 ”__апрель__2021-ж

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылга өнүгүү программасында белгиленген милдеттерди ишке ашыруу боюнча Ооблусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата негизги иш аракеттеринин планы.

 

(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде кагаз түрүндө тиркемеси)