КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 4-октябрындагы № 146/31-8
“Кара-Көл шаардык маданият бөлүмүнүн 2022-жылда аткарган иштери жөнүндө отчету”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 17-бөлүкчөсүнө жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттардын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесинин 8-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык маданият бөлүмүнүн 2022-жылда аткарган иштери жөнүндө маданият бөлүмүнүн башчысы Калыбай уулу Капардын отчетун жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.А.Шаменованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, 8-чакырылыштагы депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги ХХХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык маданият бөлүмүнүн 2022-жылда аткарган иштери жөнүндө шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы Калыбай уулу Капардын отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык маданият бөлүмүнө (Калыбай уулу Капар), ал эми токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Г.А.Шаменова) жүктөлсүн.
Төрага | Ч.А.Кимсанов |