Редакцияот 04.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 4-октябрындагы № 145/31-8

 

“Жалал-Абад областынын Таш-Көмүр район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Кара-Көл шаардык бөлүмүнүн 2022-жылда аткарган иштери боюнча маалыматы”

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 17-бөлүкчөсүнө жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык Жалал-Абад областынын Таш-Көмүр район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Кара-Көл шаардык бөлүмүнүн 2022-жылда аткарган иштери жөнүндө Кара-Көл шаардык МСЭКБнүн башчысы Ж.А.Көчкөнбаеванын маалыматын жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.А.Шаменованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, 8-чакырылыштагы депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXXI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жалал-Абад областынын Таш-Көмүр район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Кара-Көл шаардык бөлүмүнүн 2022-жылда аткарган иштери жөнүндө Кара-Көл шаардык МСЭКБнүн башчысы Ж.А.Көчкөнбаеванын маалыматы жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.А.Шаменованын билдирүүсү эске алынсын.

2. Кара-Көл шаардык МСЭКБу шаардык мэрия менен биргеликте шаар аймагындагы соода түйүндөрүндө сатылып жаткан азык-түлүктөрдүн мөөнөттөрүн жана сапатын текшерүү боюнча ай сайын рейддерди жүргүзүп, тиешелүү иш-чараларды көрсүн.

3. Кара-Көл шаардык МСЭКБна (Ж.А.Көчкөнбаева) шаар ичин жолбун иттер жана мышыктардан арылтуу боюнча ММБнын аткарып жаткан иштерине көзөмөлдү күчөтүү милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаарынын мэринин орун басарына (Г.О.Сатарова), Кара-Көл шаардык МСЭКБна (Ж.А.Көчкөнбаева), көзөмөлдөө жагы Кара-Көл шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Г.А.Шаменова) жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Ч.А.Кимсанов