Редакцияот 06.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз 32- сессиясынын

 

2021-жылдын 6-февралы № 32-9

 

Бел айыл аймагындагы күтүлүүчү өзгөчө кырдаал абалдарына акча каражаттарын бөлүү тууралуу

 

Жазгы талаа жумуштарын утурлай, жыл сайын кайталануучу сел кесепеттерин, табигый кырсыктарды жоюуга, Бел айыл аймагы боюнча өзгөчө кырдаал абалдарын алдын алуу максатында депутаттардын Бел айылдык кеңеши

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

1. Айыл өкмөтүнүн бюджетинен өзгөчө кырдаалдар абалдардын алдын алуу жана жоюуга каралган акча каражатынан 150,0 ( жүз элүү) миң сом бөлүнүп берилсин.

2. Аталган акча каражатын камсыздап берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнө милдеттендирилсин.

3. Бөлүнгөн акча каражатын максаттуу иштетүү жана көзөмөлдөө жагы Бел айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 Бел айылдык кеңешинин төрагасы

Т. Бекботоев