БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) 1- сессиясынын
2021-жылдын 15-майы № 1-1
Бел айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча түзүлгөн эсептөө комиссиясынын №2-протоколун бекитүү жөнүндө
Бел айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын №2-протоколун көрүп чыгып Бел айылдык кенешинин (7-чакырылышынын) кезектеги 1-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Бел айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын №2-протоколу бекитилсин.
2. Бел айылдык кеңешинин төрагасы болуп Ураимов Медербек Абдикаарович шайлансын.
3. Бел айылдык кенешинин төрагасынын орун басары болуп Токур уулу Шергазы шайлансын.
Сессияны алып баруучу | Ж.Баймурзаев |
Бел айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча түзүлгөн эсептөө комиссиясынын
П Р О Т О К О Л У №1
Бел айылы 15-май 2021-жыл
Жыйынга катышуучулар: Жолдошова М.
Исмиаилова А.
Алибеков Р.
КҮН ТАРТИБИ:
1. Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн милдеттерин бөлүштүрүү жөнүндө.
Ачык добуш менен добуш берүүнүн жыйынтыгыбоюнча эсептөө комиссиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Эсептөө комиссиясынын төрайымы болуп Жолдошова Майрам Абытовна шайлансын.
2. Эсептөө комиссиясынын катчысы болуп Исмаилова Айчүрөк Ирановна шайлансын.
3. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Бел айылдык кеңешинин сессиясынан суралсын.
Эсептөө комиссиясынын төрайымы |
| М.Жолдошова |
Катчысы |
| А.Исмаилова |
Бел айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча түзүлгөн эсептөө комиссиясынын
П Р О Т О К О Л У №2
Бел айылы 15-май 2021-жыл
Жыйынга катышуучулар:
Төрайымы- Жолдошова М.
Катчысы- Исмиаилова А.
Мүчөсү- Алибеков Р.
КҮН ТАРТИБИ:
1. Бел айылдык кеңешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө.
Шайлоого 21 депутат катышып, добуш беришти. Урнаны ачканда 21 бюллетень чыкты.
Талапкер Ураимов Медербек Абдикааровичке- макул 12 добуш, талапкер Токур уулу Шергазыга- макул 6 добуш, баарына каршы 2 добуш, калыс -0, жараксыз бюллетень-1.
Жогорудагылардын негизинде эсептөө комиссиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Эсептөөнүн жыйынтыгы менен айылдык талапкер Ураимов Медербек Абдикаарович Бел айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.
2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Бел айылдык кеңешинин сессиясынан суралсын.
Эсептөө комиссиясынын төрайымы |
| М.Жолдошова |
Катчысы |
| А.Исмаилова |
Мүчөсү |
| Р.Алибеков |