АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 04-майы № 156-28
Кирешелер жана чыгашалар планын тактоо жөнүндө
Бюджеттик комиссиянын жана Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Колбаевдин 2023-жыл үчүн бюджеттин киреше бөлүгүнүн планын ашыра аткаруу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, өндүрүштүк зарылдыкка байланыштуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. 2023-жылдын 1-жарым жылдыгынын киреше планын тактоого байланыштуу төмөнкү салыктар боюнча план көбөйтүлсүн:
Киреше салыгы – 8500,0 миң сом
Кыймылсыз мүлк салыгы 2 гр.- 2500,0 миң сом
Баары: 11000,0 миң сом
2. Буга ылайык бюджеттик эсеп боюнча смета төмөнкү бөлүмдөр боюнча көбөйтүлсүн:
ТКЧ 2215-б. -5000,0 миң сом
ТКЧ 3111-б. -6000,0 миң сом
Баары: 11000,0 миң сом
3. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.П. Филимоненко |