БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз 3- сессиясынын
2021-жылдын 1-июлу № 3-1
2021-жылдын 1-январына карата Бел айыл аймагынын бюджетинде колдонулбай калган акча каражаты жөнүндө
“2021-жылга Бел айыл аймагынын бюджети” жөнүндө аталган айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын докладын угуп жана талкуулап, ошондой эле “2021-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюжети жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып Бел айылдык кенешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз 3-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.2021-жылдын 1-январына карата Бел айыл аймагынын бюджетинде калган калдыгынан 450,0 сом акча каражаты Борбаш айылындагы “Жоогазын Нуру” балдар бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча“ Түрткү берүүчү гранты тарабынан берилүүчү” долбоорунун өздүк салымына ажыратууга макулдук берилсин.
2.Кабыл алынган токтомду аткаруу жагы Бел айыл өкмөтүнүн башчысы М.Абдиевге жана Бел айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Г.Муссаевага милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы М.Абдиевге милдеттендирилсин.
Бел айылдык кеңешинин төрагасы | Ураимов М.А. |