Редакцияот 06.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 6-июлу № 158-28

Аламүдүн айыл аймагында “Мыкты үй, короо, көчө, квартал, бала бакча, мектеп, муниципалдык ишкана, чакан жана орто бизнес” наамына конкурс өткөрүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

 

          Жобонун долбоорун карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы

 ТОКТОМ КЫЛДЫ:

 

1. Аламүдүн айыл аймагында “Мыкты үй, короо, көчө, квартал, бала бакча, мектеп, муниципалдык ишкана, чакан жана орто бизнес” наамына конкурс өткөрүү жөнүндө жобо бектилсин.

2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага         

 А.П. Филимоненко

Аламүдүн айылдык кеңешинин

2023-жылдын 6-июлундагы

№ 158-28 токтому менен бекитилген

 

 

Аламүдүн айыл аймагында «Мыкты үй», «Мыкты короо», «Мыкты көчө», «Мыкты квартал», «Мыкты бала бакча», «Мыкты мектеп», «Мыкты муниципалдык ишкана», «Мыкты чакан жана орто бизнес» наамдарына конкурс өткөрүү жөнүндө ЖОБО

 

I. Жалпы жоболор

 

1. Ушул жобо «Мыкты үй», «Мыкты короо», «Мыкты көчө», «Мыкты квартал», «Мыкты бала бакча», «Мыкты мектеп», «Мыкты муниципалдык ишкана», «Чакан жана орто бизнес»наамдарына конкурс уюштуруу жана өткөрүү тартибин аныктайт.

2. Конкурсту өткөрүүнүн негизги максаттары:

- Аламүдүн айыл аймагын (турак үйлөргө тийиштүү аймактарды, көчөлөрдү, короолорду, уюмдардын жана ишканалардын аймактарын, жалпы пайдалануудагы жерлерди ж. б.) көрктөндүрүү деңгээлин жогорулатуу, калктуу конуштардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу;

- Аламүдүн айыл аймагынын жашоочуларынын, Аламүдүн айыл аймагынын уюмдарынын жана ишканаларынын чыгармачыл жана социалдык демилгелерин өнүктүрүү жана колдоо, аларды көрктөндүрүүнү жакшыртууга, имараттарды жана тийиштүү аймакты үлгүлүү тартипте кармоого чакыруу;

- калктын турак жай фондуна жана көрктөндүрүү объектилерине аяр мамиле жасоосун калыптандыруу;

- калктуу конуштарды көрктөндүрүү жана сырткы көрүнүшүн жакшыртуу жаатындагы мыкты практикалардын тажрыйбасын жалпылоо жана жайылтуу.

3. Конкурска Аламүдүн айыл аймагындагы аймактык коомдук өз алдынча башкаруу (АКӨБ), турак жай менчик ээлеринин шериктештиги (ТМЭШ), турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери, уюмдар жана ишканалар катыша алышат.

4. Конкурс төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт:

-  «Мыкты үй»;

- «Мыкты короо»;

- «Мыкты көчө»;

- «Мыкты квартал»;

- «Мыкты мектеп»;

- «Мыкты бала бакча»;

- «Мыкты муниципалдык ишкана»;

- «Чакан жана орто бизнес».

5. Конкурс жыл сайын өткөрүлөт. Конкурс жарыялоо чечимин Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы кабыл алат.

6. Конкуртун уюштуруучусу - Аламүдүн айыл өкмөтү.

7. Конкурска катышуу өтүнүч арыздын негизинде болот. Конкурс ачык болуп саналат жана ушул Жобого ылайык өткөрүлөт.

8. Конкурстун жыйынтыгы боюнча конкурстун жеңүүчүлөрүн жана катышуучуларын грамота, баалуу белектер, акчалай сыйлыктар менен сыйлоо жүргүзүлөт.

 

II. Конкурсту өткөрүү тартиби жана конкурстук комиссия

 

9. Конкурска катышууга өтүнмө уюштуруучуга конкурс жөнүндө кулактандырууда көрсөтүлгөн дарек боюнча мөөнөтүндө жана документтер менен берилет.

10. Конкурсту өткөрүүнү уюштуруу үчүн комиссия түзүлүп, анын курамы Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен бекитилет. Комиссиянын курамына Аламүдүн айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, муниципалдык мекемелердин кызматкерлери, Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттары, коомчулуктун өкүлдөрү кирет. Конкурстук комиссиянын курамына башка адамдар киргизилиши мүмкүн. Комиссиянын сандык курамы 7 адамдан кем эмес болушу керек.

11. Конкурстук комиссия:

- өтүнүч арыздарын карайт;

- Жобо менен бекитилген критерийлер боюнча конкурстун объектилерин карайт жана баалайт;

- конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктайт (ар бир номинацияда бирден).

12. Комиссия конкурстун жеңүүчүлөрүн коюлган баллдын жалпы санын эсептөө жолу менен аныктайт. Конкурстун бир нече катышуучуларында баллдын саны бирдей болгон учурда жеңүүчү конкурстук комиссиянын төрагасынын жана мүчөлөрүнүн ачык добуш берүүсүн өткөрүү жолу менен аныкталат. Чечим жыйынга катышкан комиссия мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда конкурстук комиссиянын төрагасы чечүүчү добуш укугуна ээ болот.

Эгерде жыйынга комиссия мүчөлөрүнүн белгиленген санынын үчтөн экиден кем эмеси бөлүгү катышса, комиссия чечим кабыл алууга укуктуу.

13. Конкурстук комиссиянын чечими протокол менен таризделет, ага конкурстук комиссиянын төрагасы жана катчысы кол коёт.

Конкурстун жеңүүчүлөрүн жана катышуучуларын грамота, баалуу белектер, акчалай сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө чечим конкурстуккомиссиясынын протоколунун негизинде Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан кабыл алынат.

14. Байге фондуна сарпталуучу чыгымдар жергиликтүү бюджеттин каражатынан бөлүнөт. Байге фондунун өлчөмү Аламүдүн айылдык кеңеши тарабынан бекитилет.

15. Конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан салтанаттуу маанайда Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын, коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүзүлөт.

16. Конкурстун уюштуруучусу конкурстун жүрүшү жана жыйынтыктары жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарына, ошондой эле Аламүдүн айыл аймагынын расмий сайтына жайгаштырат.