Редакцияот 28.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕНЕШИНИН

ТОКТОМУ

IX чакырылыш кезексиз XXXII сессия

 

2023-жылдын 28-сентябрындагы № 4

 

Жалал-Абад шаарынын аймагындагы жеке менчик жер тилкесинин укуктук зонасынын категориясын өзгөртүү жөнүндө

 

Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын 25.08.2023-жылдагы чыг.№01-7/1007 сандуу катты, Жалал-Абад шаардык кеӊештин 22.09.2023-жылдагы курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясында карап чыгып, комиссиянын корутундусуна ылайык, Жалал-Абад шаарында курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелеринин негизинде, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңештин кезексиз XXXII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсүнүн №4/1 дарегинде жайгашкан 11125,0 чарчы метр жеке менчик жер тилкесин «К-1» (коммуналдык ишканалар) укуктук зоналык категориясынан «Ц-2» (жергиликтүү маанидеги тейлөө жана коммерциялык активдүүлүк) укуктук зоналык категориясына өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Жалал-Абад регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад филиалына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде 2006-жылы кабыл алынган “Жалал-Абад шаарында курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелерине” өзгөртүү киргизип, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага

 

Н.Орозбаев