Редакцияот 28.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕНЕШИНИН

ТОКТОМУ

IX чакырылыш кезексиз XXXII сессия

 

2023-жылдын 28-сентябрындагы № 5

 

Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын чакыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы №215-Жарлыгы менен бекитилген 2023-жылдын 15-декабрында өтүүчү Элдик Курултайга Жалал-Абад шаарынан делегаттарды шайлоо максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 61-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаардык мэриясынын 14.09.2023-жылдагы №01-19/3354 сандуу катынын негизинде, Депуттаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XXXII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйыны 2023-жылдын 18-ноябрына саат 10:00 гө чакырылсын. Өкүлчүлүктүү жыйын Жалал-Абад шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драм театрында өткөрүлсүн.

2. Жалал-Абад шаарынын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынына делегаттарды шайлоо үчүн жыйындарды өткөрүү графиги №2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.

5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага

 

Н.Орозбаев

 

 

 

Жалал-Абад шаардык кеңештин кезексиз XXXII сессиясынын №5-токтомуна №1-тиркеме

 

Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын чакыруу боюнча жумушчу тобунун курамы

№

Аты-жөнү

Кызмат орду

1.

Орозбаев Нуртилек Орозбаевич

Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы

2.

Айдарова Назгуль Кубанычбековна

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты

3.

Кожаева Уулкан Азизбековна

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты

4.

Эшенкулов Орозбек Залимтороевич

Жалал-Абад шаардык кеңешинин жооптуу катчысы

5.

Мустапакулова Малика Пайгамбаркуловна

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын бөлүм башчысы

6.

Шайбеков Кыяз Жаныбекович

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын башкы адиси

7.

Акунов Кеңешбек Жасынович

Жалал-Абад шаарынын калктын демилгечи топторунун өкүлдөрүнөн

8.

Ташматова Назгүл

Жалал-Абад шаарындагы “Кризистик” борборунун өкүлү жарандык коомдун өкүлдөрүнөн

9.

Акматалиева Шахсанам

“Толеранттуулук үчүн” коомдук фондунун Жалал-Абад шаарындагы өкүлү

 

Жооптуу катчы

 

О.Эшенкулов

 

 

 

Жалал-Абад шаардык кеңештин кезексиз XXXII сессиясынын

№5-токтомуна №2-тиркеме

 

Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынына делегаттарды шайлоо үчүн жыйындарды өткөрүү графиги

№

Аймактык башкармалыктар

Өткөрүү жайы

Өткөрүү датасы, убактысы

Делегаттардын саны

Жооптуу депутат

1.

Т.Тайгараев АБ

№11 мектеп

19.10.2023-ж.

саат 16:00

5

Аким уулу Талантбек

 

Т.Тайгараев АБ

№10 мектеп

20.10.2023-ж. саат 16:00

12

Маатжакыпов Жыргалбек Кимсанович

2.

Спутник АБ

№9 мектеп

17.10.2023-ж.

саат 17:00

14

Худайбердиева Гулмира Токтосуновна

 

Спутник АБ

МНУ

18.10.2023-ж. саат 17:00

13

Турдукулов Канатбек Турусбекович

 

Спутник АБ

№13 мектеп

19.10.2023-ж. саат 17:00

10

Даминов Согдиан Таджидинович

 

Спутник АБ

№19 мектеп

20.10.2023-ж. саат 17:00

12

Эргешов Байгазы Анаркулович

3.

Ч.Айтматов АБ

Темир жол бекети

23.10.2023-ж. саат 17:00

16

Юлдашев Наби Ганижанович

 

Ч.Айтматов АБ

ЖАМУ

24.10.2023-ж. саат 17:00

16

Тургунбаев Муктарбек Азимович

 

Ч.Айтматов АБ

№17 мектеп

25.10.2023-ж. саат 17:00

8

Бекешова Уларкан Жакыпжановна

4.

Достук АБ

№16 мектеп

16.10.2023-ж. саат 17:00

5

Калбаев Советбек Абийбиллаевич

 

Достук АБ

№8 мектеп

17.10.2023-ж. саат 17:00

12

Дуйшеев Автандил Салиевич

 

Достук АБ

№21 мектеп

23.10.2023-ж. саат 17:00

14

Мамыров Джумабек Омурзакович

 

Достук АБ

№14 мектеп

24.10.2023-ж. саат 17:00

5

Маманов Каныбек Тойчубекович

 

Достук АБ

№75 лицей

25.10.2023-ж. саат 17:00

9

Раматиллаева Айзат Абдыкадыровна

5.

Курманбек АБ

№4 мектеп

17.10.2023-ж. саат 17:00

13

Эркулова Мадина Абдурашидовна

 

Курманбек АБ

№35 квартал

18.10.2023-ж. саат 17:00

13

Абдыкаев Ахмед Абдишукурович

 

Курманбек АБ

№3 мектеп

19.10.2023-ж. саат 17:00

13

Жоробаев Адилбек Суюнбаевич

 

Курманбек АБ

№21-58 квартал

20.10.2023-ж. саат 17:00

10

Мамадалиева Буниса Сайдилаевна

 

Жооптуу катчы

 

О.Эшенкулов