ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
IX чакырылыш кезексиз XXXII сессия
2023-жылдын 28-сентябрындагы № 7
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын 30.05.2023-жылдагы кезексиз XXVIII сессиясынын №10-токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 36-беренесине жана Жалал-Абад шаардык кеӊешинин Регламентинин 7-бөлүмүн негиз кылып, шаардык кеӊештин “Ата-Журт-Кыргызстан” фракциясынын сунушун эске алуу менен, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XXXII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 30.05.2023-жылдагы кезексиз XXVIII сессиясынын 10-токтомунун 1-тиркемесине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
· Өнөр-жай, ишмердүүлүк, айыл чарба жана соода боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан Исматуллаев Эркин Эргашходжаевич чыгарылып, ордуна Мамадалиева Буниса Сайдиллаевна киргизилсин;
· Курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан Сыргабаева Нуржамал Токтогуловна чыгарылып, ордуна Исматуллаев Эркин Эргашходжаевич киргизилсин;
· Социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан Мамадалиева Буниса Сайдиллаевна чыгарылып, ордуна Сыргабаева Нуржамал Токтогуловна киргизилсин жана комиссиянын төрайымы катары шайлангандыгы эске алынсын.
2. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин төрагасынын орун басарларына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalalabad.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| Н.Орозбаев |