АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 6-июлу № 169-28
Суу топтоочу мунара жөнүндө
Кулбаев Айдин Абдирейимовичтин маалыматын угуп жана талкуулап, буга чейин 2021-жылдын 1-апрелинде кабыл алынган № 329-27 токтомунун негизинде жаңы токтом кабыл алууга ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27, 34-беренелерине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл өкмөтү Кулбаев Айдин Абдирейимовичтен жанаша жаткан аймагы менен бир скважиналуу насостук суу топтоочу мунараны муниципалдык менчикке кабыл алсын.
2. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Кулбаев Айдин Абдирейимович менен от казаны, балдар аянчасы, 1 бөлмөлүү батир үчүн скважинаны, жер участогун муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө келишим түзсүн.
3. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.П.Филимоненко |