Редакцияот 10.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы

 

2021-жылдын 10-майы № 1

 

Курманбек айылдык кеңешинин Типтүү регламентин бекитүү жөнүндө

 

Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 1 сессиясы, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 11-пунктуна ылайык Курманбек айылдык кеңешинин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин белгилөө максатында мыйзамдуулук маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, Курманбек айылдык кеңеши төмөндөгүдөй токтом кылат:

ТОКТОМ:

1. Курманбек айылдык кеңешинин Регламенти алымча-кошумчасы менен (№1-тиркеме ылайык ) бекитилсин.

2. Аталган токтомду тиркемелери менен бирге расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Курманбек айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары З.Ботобаевага жүктөлсүн.

 

 

 Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы-

Ж.Ж.Салаев