Редакцияот 24.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2021-жылдын 24-майы № 4

 

Комиссия курамын түзүү жөнүндө

 

Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы, депутаттардын сунушунун негизинде Курманбек айылдык кеңеши төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Курманбек айыл өкмөтүнүн аймагындагы мал жайыттарды башка малдардан сактап калуу максатында төмөндөгүдөй комиссия курамы түзүлсүн:

·         Нарматов А.-Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары,комиссиянын төрагасы;

·         Малашов К.-ЖПБнын төрагасы,комиссиянын мүчөсү;

·         Ар бир айылдын айыл башчылары, комиссиянын мүчөлөрү;

·         Боронбаев А.-айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси, комиссиянын мүчөсү;

·         Ормонов Б.-айыл өкмөтүнүн ага салыкчысы, комиссиянын мүчөсү;

·         Шырдаков М.-айылдык кеңештин депутаты, жаштар комитетинин мүчөсү, комиссиянын мүчөсү;

·         Ар бир айылдын депутаттары, комиссиянын мүчөлөрү;

·         Ар бир айылдын аксакалдар соттору, комиссиянын мүчөлөрү.

2. Түзүлгөн комиссия курамы жайыттагы малдарды көчүрүү, сырттан келген малдарды көзөмөлдөө боюнча иш алыш барышсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

  

 Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы

Ж.Ж.Салаев