Редакцияот 12.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 12-январы  № 197-28

Муниципалдык техниканы Ала-Арча айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине бекер өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

           2023-жылдын 29-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын аткаруу максатында жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ошондой эле Ала-Арча айылдык кеңешинин 2024-жылдын 10-январындагы № 1 жана Ала-Арча айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 10-январындагы № 03-21/8 кайрылуусунун негизинде  Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ала-Арча айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине атайын техниканы тиркемеге ылайык бекер өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

 2. Ала-Арча айыл өкмөтүнүн балансына техникалар өткөрүлүп берилген учурда лизинг келишими боюнча карызды төлөө Ала-Арча айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.                                                          

 3. Аламүдүн айыл өкмөтү белгиленген тартипте Ала-Арча айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине атайын техниканы өткөрүп берүүнү ишке ашырсын.

 4. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

А.П. Филимоненко