Редакцияот 02.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

 

2021-жылдын 2-июлу № 1

 

Курманбек айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоорун бекитүү жана 2023-2024-жылдарга божомолу жөнүндө

 

Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы, Курманбек айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоору жана 2023-2024-жылдарга божомолу жөнүндөгү 2021-жылдын 02-июлунда Кара-Чолок айылынын маданият уйундо болуп өткөн коомдук угуунун протоколунун негизинде, айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Эрматованын билдирүүсүн угуп, талкуулап Курманбек айылдык кеңеши токтом кылат:

ТОКТОМ:

1. Курманбек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелери 2022-жылга долбоору республикадан берилүүчү теңдөө гранты менен кошулуп 14 371,3 миң сом, 2023-жылга божомолу 14 321,3 миң сом, 2024-жылга божомолу 14 331,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Республикадан берилүүчү теңдөө грантынын көлөмү 2022-жылга долбоору 3 151,6 миң сом, 2023-2024-жылдарга божомолу 3 091,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин жана биринчи кезекте корголгон беренелерди (эмгек акы, соц.фондко чегерүү, коммуналдык чыгымдарды, тамак-аш) каржылоого жумшалсын.

3. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодекси, Кыргыз Республикасынын токтомдору менен бекитилген нормативдик актыларга жана айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн коомдук угууларда каралган маселелердин негизинде айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгымдары 2022-жылга долбоору 14 371,3 миң сом, 2023-жылга божомолу 14 321,3 миң сом, 2024-жылга божомолу 14 331,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

4. Курманбек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин бекитилген 2022-жылга долбоору жана 2023-2024-жылдарга божомолун жалпы мамлекеттик бюджеттин кошундусуна кошуу үчүн Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгына тапшырылсын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгөйбековко милдеттендирилсин.

 

 

 Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы

Ж.Ж.Салаев